Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:13
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эрбол Султанбаев президенттин тууганы коррупцияга шектелип кармалганын ырастады

06.07.2023 15:25
407
Эрбол Султанбаев президенттин тууганы коррупцияга шектелип кармалганын ырастады


Коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров чын эле президент Садыр Жапаровдун тууганы. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Анын айтымында, Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.


«Бул тууралуу президент Жапаров шектүүлөргө карата бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылды. Бул окуя дагы бир жолу коррупцияга каршы күрөштө тандалмачылык жок экенин көрсөтүп турат.


Ким болбосун, анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу болгон учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттүү болуп саналат.


Бул мамлекет башчынын талабы», — деп жазат Султанбаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Туура
Туура.мыйзам иштелсин