Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттык" радиосунун сайтынын эки айга жабылышы тууралуу пикирин билдирди.
Төмөндө Эрбол Султанбаевдин билдирүүсү берилет:
"Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот.
Бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат.
Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17 - сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу, хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам".
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн