Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эрдоган менен Путин кандай маселелерди талкуулады?

06.08.2022 08:49
768
Эрдоган менен Путин кандай маселелерди талкуулады?

5-августта Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Сочи шаарына иш сапары менен келип Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен 4 сааттай сүйлөшүү жүргүздү.


Жолугушуудан кийин эки мамлекет башчысы  биргелешкен билдирүү жасаган.

Тараптар россия-түрк мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын ырасташты.


Маалыматка ылайык, транспорт, соода, айыл чарба, өнөр жай, финансы, туризм жана курулуш секторунда кызматташтыкты өрчүтүү,  регионалдык жана эл аралык туруктуулук үчүн Россия менен Түркиянын ортосунда ачык жана ишенимдүү, ынак мамиледе болуу, жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин кийинки жыйынын Түркияда өткөрүү маселеси макулдашылды. 


 Мындан сырткары, Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоо,  Ливиянын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана улуттук биримдигин жактоо талкууга алынды.


Ошондой эле, Стамбул келишимин, ага кошо россиялык дан, жер семирткич жана өндүрүш үчүн сырьё эскпортун эч бир тоскоолдуксуз толугу менен аткарууну камсыздоо зарылчылыгы белгиленип, Түркияга россиялык газды экспорттоодо эсептешүүнү жарым-жартылай рубль түрүндө жүргүзүү макулдашылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн