Бугу 22, 2024
Убакыт: 06:05
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Эрдоган менен Жээнбеков коронавируска каршы биргелешкен чараларды көрүүнү талкуулашты

06.07.2020 19:11
1159
Эрдоган менен Жээнбеков коронавируска каршы биргелешкен чараларды көрүүнү талкуулашты


Бүгүн, 6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле телефон аркылуу сүйлөшүү маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн