28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү.
Түркия Жогорку шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгына ылайык учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 52,16 пайыз добушун алып, расмий түрдө жеңүүчү деп табылды.
Ал эми Кемал Кылычдароглу 47, 84 пайыз добуш топтогон.
Шайлоонун толук жыйынтыгы чыкканга чейин эле Эрдогандын колдоочулары көчөгө агылды. Алар лидеринин кайрадан президент болуп шайланышын куттуктады.
Куттуктоолор Түркиянын бардык региондорунда болгон сыяктуу башка өлкөлөрдө да болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн