Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 10:04
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Ереванда Кыргызстан жана Армения ТИМ башчылары жолугушту

23.01.2025 19:06
228
Ереванда Кыргызстан жана Армения ТИМ башчылары жолугушту


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Арменияга иш сапарынын алкагында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүүнүн перспективаларын карап чыгышты.

Тышкы иштер ведомстволорунун башчылары бул багытта чоң потенциалды жана инструменттердин кеңири спектрин белгилеп, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын билдиришти.

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду, анын кезектеги жыйынын ушул жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле Кыргызстан менен Армениянын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары интеграциялык бирикмелердин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантууга, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлигин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги менен Армения Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасына жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Армения Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык мектебинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн