Бишкек шаарынын чыга беришинде жол тандабастын айдоочусу каршы тилкеге чыккан. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.
Эрежени бузган айдоочунун айтымында, унаасын 50 жылдан бери каршы тилке менен айдап келген. Мындан сырткары бет маңдайында турган унаанын айдоочусуна кол көтөргөнүн да угууга болот.
Ал эми Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы учурда жол эрежесин бузган унааны табууга өздүк курамга багыттама берилгенин, толук маалымат кийинчерээк берилерин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн