Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды

25.11.2020 09:43
4544
Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды

Активист, "Реформа" партиясынын мүчөсү Эркин Нурбаев президенттикке талапкер Садыр Жапаровду дебатка чакырды. Бул тууралуу ал 24.кг маалымат агенттигине билдирген.


"Акыркы саясий окуяларды эске алып, мен парламенттик башкаруу формасынын жактоочусу катары Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыктым. Кечээ Садыр Жапаров январь айында бир маселе боюнча - президенттик же парламенттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Анын оозунан чыккан ар кандай сөз эми акыркы чындык катары кабыл алынат. Бирок, ал жаңы Конституцияга каршы чыккандар эч нерсени түшүнбөгөн жаштар экендигин айтты. Эмне үчүнжалпы элдин алдында дебатка чыгып, ким туура ким туура эмес экенин көрсөтпөйбүз", -деди Нурбаев. 

Нурбаев Садыр Жапаров чакырууну кабыл алса аны менен дебатка чыгууга даяр экенин кошумчалаган.

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Жылдыз
Азамат!
Ушинтип
Жаштар ушинтип осот,бул жигитти жаман Коро бербегиле улууларды коколоп мурунку президнттерди жакалап атып озунор жол корсоттунор
Ратбай
Кичине чонойчу чычкак,уровенин тен келбейт ко,алына карап иш кылсан..
Токтохан
Эс алчы, чарчаттынар.
Нурлан
Азаматсын