Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыккы өлкө башчы 13-июлда кол койду.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн