Теке 27, 2024
Убакыт: 10:38
USD
EUR
RUB

Эртең Бишкекте “ Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталыштагы форуму өтөт

01.04.2024 10:01
224
Эртең Бишкекте “ Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталыштагы форуму өтөт


Бишкек 2-апрелде “Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталыштагы форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти

Форум — айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тематикалык сессиялар өтөт:

  • айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү,
  • Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги,
  • агроазык-түлүк секторундагы мамлекеттик чыгымдардын тенденциялары,
  • азык-түлүк коопсуздугу жана инфляция жөнүндө изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары,
  • технологиялар, инновациялар жана инвестициялар аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарбасын түзүү.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн