Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 12-мартта саат 9.00дөн 18:00 гө чейин Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламүдүн суусу, темир жол менен чектешкен тилкеде жана Октябрь көчөсүндө ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу «ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу. өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн