Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 17:08
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу болбойт

13.03.2024 10:09
219
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу болбойт


14-мартта Бишкектеги Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, саат 9:00дөн 18:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектелген аймактарда суу өчүрүлмөкчү.


"Эртең "Контррезервуар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүрөт", — деп жазылат кабарда.


"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну эртелеп камдап алууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн