Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эртең Жапаров менен Путин үч мектептин курулушуна старт берет

31.08.2023 22:05
347
Эртең Жапаров менен Путин үч мектептин курулушуна старт берет


Эртең, 1-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.


Президенттердин видеобайланыш аркылуу Бишкек, Баткен жана Караколдогу мектептердин курулушун баштоого старт беришери айтылды.


Ошондой эле Путин видеобайланыш форматында РФтин беш аймагында жаңы жалпы билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышат.


Буга чейин Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берери айтылган. Алардын биринчилери 2025-жылы ишке берилери күтүлүүдө.


Жыл сайын үчтөн мектеп салынып турат. Тогуз мектептин баары бирдей стандарт менен курулат. Ар бирине кеминде үч гектардан жер бөлүнгөн. Бир мектепти куруунун болжолдуу баасы 500 миллион рубль.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн