Бишкекте 9-августта текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Иш-чара NOVOTEL бизнес борборунда өтөт. Башталышы саат 10:00.
Форумга КР мамлекеттик органдарынын, кореялык жана кыргызстандык алдыңкы текстиль компанияларынын, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын максаты эки өлкөнүн текстиль өнөр жайын түшүнүүнү бекемдөө, өз ара алмашууга көмөктөшүү жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн