Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Эртеңден баштап Калкты тейлөө борборлору 08:00-19:00 режиминде иштей баштайт

03.06.2021 18:52
886
Эртеңден баштап Калкты тейлөө борборлору 08:00-19:00 режиминде иштей баштайт

4-июндан тартып калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо (ЖААКПКК) бөлүмдөрүнүн иштөө режими өзгөртүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, эми Кыргызстан боюнча КТБ жана ЖААКПКК бөлүмдөрү саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштейт.


Каттоо кызматынын буйругуна ылайык, кызматкерлердин ийкемдүү иш графиги бекитилет.


"Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн жана жай мезгилине гана 2021-жылдын 31-августуна чейин киргизилген", - деп айтылат маалыматта.


Каттоо кызматынан кошумчалашкандай, тиешелүү буйрукка МККнын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков 3-июнда кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн