Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эртеңден баштап автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт

30.06.2022 15:25
488
Эртеңден баштап автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт


Эртең, 1-июлдан тарта Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто накталай төлөм жүргүзүү мүмкүн болбой калат, деп билдирди мэрия.


Жол акысын Тулпар карталары менен гана төлөөгө болот.


Долбоор эки жылдын ичинде акырындык менен ишке киргизилгенин мэрия билдирет. Эми ал толугу менен иштей баштайт.


Төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:


- үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын Visa жана «Элкарт» контактсыз карталары;

- виртуалдык NFC картасы;

- "Тулпар" жана Баланс тиркемесинде QR-сканерлөө;

- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.


Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» МИнин филиалдарынан, О! MegaCom, Beeline уюлдук операторлордун кеңселеринен, автобус жана троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сом (бир жол жүрүү баасына кирет). Көк стандарттуу карта сатуу пункттарын бул жерден көрүүгө болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн