Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Эртеңден тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот

26.12.2023 09:56
182
Эртеңден тарта Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот


Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү 27-декабрдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөлөргө бир тараптуу кыймыл жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө.

Бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин маалымдалган 8 көчөдө бир тараптуу жана 2 көчөдө эки тараптуу кыймылды 2024-жылдын 14-январына чейин бүтүрүү пландалууда.

Эске сала кетсек, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
- Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
- Т.Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
- К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
- К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
- И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
- А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
- Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);
- А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

Эки тараптуу кыймыл:
- Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Транспорт департаменти айдоочуларга кайрылып, жогорудагы өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдордо этият болуп, жол эрежесин сактоону суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн