Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов депутат Эльвира Сурабалдиеванын сөздөрүнө жооп берди.
Кокуловдун айтымында, "Не сахар" долбоору элдик долбоор.
"Кечээ менин бир кесиптешим "Не сахар" долбооруна карата туура эмес пикирин билдирди.
Менин баамымда ал долбоор тууралуу толук маалыматы жок. Анткени "Не сахар" долбоору аткарган ар бир жаран өзүнүн кызыкчылыгы үчүн да текшерип көрсө болот.
Азыркы учурда мени менен "Не сахар" долбоорунун ортосунда эч кандай байланыш жок. Аны Юстиция министрлигинен карап билип алса болот",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн