Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн батирлеринин биринин эшиги бекилип калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, батирдин ичинде 2 жана 3 жаштагы кичинекей балдар жалгыз калып калган. Куткаруучулар батирге атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен кирип, эшикти ачып, балдарды алып чыгып ата-энесине өткөрүп беришкен.
Балдар медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болгон эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн