Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:07
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Эскертүү! Горький көчөсүнөн күн чыгышка карай бара жатканда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт

11.01.2022 17:52
715
Эскертүү! Горький көчөсүнөн күн чыгышка карай бара жатканда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт

Мындан ары Максим Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Буга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып, Максим Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду оңдоп-түзөө иштери болгондуктан ошол тилке убактылуу жабылган. Ошого байланыштуу жол тыгындарынын алдын алуу максатында Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.


Эртеңден баштап, 5.15.2 жол белгиси кайра орнотулуп, айдоочулар Максим Горький көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурула албайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн