Бирдин айы 07, 2023
Убакыт: 23:44
USD
86.30
87.30
EUR
94.00
95.00
RUB
1.215
1.260

Эстей жүр: Актёрдук тынымсыз жашоо жана 56 операцияны көтөргөн Сүймөнкул

29.03.2021 10:40
18040
Эстей жүр: Актёрдук тынымсыз жашоо жана 56 операцияны көтөргөн Сүймөнкул


Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” Абдиламит Матисаков.Эстей жүр” рубрикасы бул чыгарылышта атактуу кино актёр, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовду эскерет.  


СҮЙМӨНЧҮКТҮҮ СҮЙМӨНКУЛ

Сүймөнкул Чокморовдун туулган мезгили турмуштун кыйынчылык, саясий карама-каршылык убагына туура келет. 1939-жылы репрессиядан, чоң ачарчылык жылдардан кийин өлкөдө тынчтыктын, токчулуктун жыты сезиле баштаган эле. Элде сүймөнчүлүк, жакшылык болсун деген тилекте атасы Чокмор наристесине Сүймөнкул деген ысым ыйгарган. Ал эркек балдардын эң кичүүсү болгондуктан, атасы көкүрөк күчүгүн жанынан чыгарчу эмес экен.


СПОРТТОН СҮРӨТКӨ

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир тууган болгон: ал, үч байкеси жана үч эжеси. Кичинекей чагында катуу ооруган. Ошол үчүн спорт менен машыга баштаган. Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасына ойногон. Ошол эле учурда живописке кызыгып кеттип, мектептен кийин Ленинград Көркөм Академиясына тапшырып, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтүргөндөн кийин Фрунзе Көркөм окуу жайында сабак берген. 1967-жылы КСРСнун Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болуп калган. Сүймөнкул Чокморов талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө кеңири таанылып, кыргыз көркөм өнөрүнүн казынасына өзүнүн бай үлүшүн кошкон. Ал чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштайт. Көбүнчө живопись жан дүйнөсүнө жакын сезген. Алардын бири "Тоо кечи", "Узатуу" жана башкалар болго. Мындан тышкары “Эне", "Актриса", "Саякбай Каралаев", "А.А.Жанкорозова", "С.Жумадылов" аттуу портреттерди тартып, бул жанрды өрчүтүүгө бел байлаган.


СҮРӨТТӨН КИНОГО

Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан жана бул фильм анын эң алгачкы тушоо кесүү ролу болуп калган. Сүймөнкул Чокморов буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон. Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тасмаларынын фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган. "Караш-Караш окуясы" тасмасына удаалаш "Жамийла" фильминде Даниярдын, “Атайын комиссар" тасмасында Хожаевдин, “Касиеттүү Ысык-Көл” киносунда Карабалтанын, "Улан" тасмасында Азаттын ролун ойноп, бүтүндөй кыргыз журтчулугуна тааныла баштаган. Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы "Жетинчи ок" фильминдеги милиция отрядынын командири - Максумовдун образы болду. Бул фильмде Максумовдун ролун аткарып, баштан аяк басмачылар менен кармашат. Анда таң калаарлык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты журо билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болду. Режиссер-коюучу Төлөмүш Океевдин "Көк-жал" фильминдеги Ахангулдун образын табиятынан таланттуу Сүймөнкул Чокморов гана терең ачып берген.

Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири япониялык режиссер Акира Куросаванын "Мосфильм" студиясында койгон "Дерсу Узала" кинокартинасындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам - Чжан Баонун ролун ойногон. Сүймөнкулду чакырышы анын актерлук талантын баалоо жана ага карата болгон зор ишеним болгон.


ТАЛАНТТЫН ИЙГИЛИКТЕРИ АРТЫНДА ТУРГАН САЛИМА

Таланттуу актёр эки баланын атасы болгон. Чокморов өмүрлүк жарын Ленинградда окуп жүргөндө тапкан. Ал — токмоктук Салима Шабаза аттуу кыз эле. 1966-жылы баш кошуп, кийинчерээк Бактыгул аттуу уулдуу болушкан. Искусствовед Шабаза Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде иштеген. Бул үй-бүлөнү жакындан билген тааныш-жакындары Салима Сүймөнкул Чокморовдун талантын жогору баалап, анын ийгиликтеринин артында турганын айтышат. Сүймөнкулдун дагы Эргул деген 1978-жылы туулган баласы бар. Көзүү тирүү кезинде менин балам деп жардамын аяган эмес. Сүймөнкулдун турмушунда, балким, көп пландары болгондур, бирок ал 1982-жылдан тарта катуу ооруп, илдети менен алышып, үй турмушу тууралуу ойлогонго чамасы келген эмес, деп эскергени бар агасы Намырбек Чокморовдун.


УДААЛАШ КЕЛГЕН СЫЙЛЫКТАР

Адам табиятын терең ачып, кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу таланттын эмгеги жогору бааланып, ага эркектин мыкты ролун түзгөндүгү үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү деген наамдар берилген. Андан кийин Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

УЗАККА СОЗУЛГАН ООРУ

Сүймөнкулдун бул дүйнөдөн эрте кетишине анын бөйрөк оорусу себеп болгондугун жалпы эл жакшы билет. Белгилүү журналист Абдиламит Матисаковдун "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" очеркинде Чокморов мындайча айтып берген:

"Эки бөйрөктүн иштебегени ырас. "Сыркоосун киного тартылып жүргөндө суукка урунуп күчөтүп алыптыр" деп жүрүшкөнү туура эмес. Тукум кууган илдет 40ка чыкканымда козголду. Врачтардын божомолунда ал 20 жашымда эле азап чектирмек экен. Актёрдук тынымы жок жашоо, ар бир мүнөттүн кымбаттыгы ооруганга да мүмкүнчүлүк берген эмес экен. Спорттун өмүргө күлазык экенин ушундайда билет экенсиң".

Бөйрөк оорусу аны керебетке кадап, бирок медицина аны ажалдын чеңгелинен алып чыгып, ар бир диализге келген сайын улам жаңы өмүр берип турган. Баш аягы 56 операция болгон экен. 1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оор оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.


ООРУП ЖАТСА ДА НАТЮРМОРТ ЖАРАТКАН

Ооруган жылдары ал Москва шаарына дарыланууга көп барганы белгилүү. Ооруканада жатканда бир нече натюрморт жараткан. Кишиге оордугун тийгизгиси келбеген бул талант тамак-аш оролуп келген саргыч, боз кагаздарга акварель менен тарта баштаган. Ал кагаздарды алып коюп, жубайы Салимадан акварель алдырып алып натюрмортторду жараткан. Себеби холст же май боёкторду пайдалануу үчүн аны сыгып, алып чыгуу керек. Чынын айтканда, ооруп жаткандыктан андай кыймыл да Чокморов үчүн кыйынчылыкка турган экен. Андыктан жеңил жолу — акварель эле. Болгону кыл калем, суу жана кагаз керектелген.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Клара Ахметова
Залкар инсан! Аябай жакшы маалымат жаштар үчүн. Рахмат!