Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Этникалык 44 кыргызга паспорт берилди

28.04.2021 17:48
995
Этникалык 44 кыргызга паспорт берилди

Улуу жана Кичүү Памирден көчүрүлүп келип, учурда Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга паспорт берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов 4 жаранга ички жарандык паспортторун тапшырган.

Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы тарабынан азык-түлүк берилди.

Жарасул Абдураимовдун айтымында, эми памирлик кыргыздардын жаш балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

“Эми жаш балдарына күбөлүк беребиз. Мындан сырткары, Памирден келген туугандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Негизинен Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга баардык шарттарды түзүп берүү иштери алгылыктуу жүрүп жатат деп ойлойм”, - деди Жарасул Абдураимов

Маалымат үчүн: Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам, алардын 60ы чоң киши жана 51 бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты.

Алардын баары Афганистан Ислам Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан келген этникалык кыргыздар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн