Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Этникалык кыргыздарга паспорт берүү жеңилдетилди

09.07.2021 16:28
1502
Этникалык кыргыздарга паспорт берүү жеңилдетилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу презиенттин басма сөз кызматы билдирет.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-беренесинин 3-бөлүгүнө, 70-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 71-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14 жана 28-беренесине ылайык, этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында токтом кылынат:


Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары — Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.


Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын

31-декабрына чейин белгиленсин.


Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:


— ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну камсыз кылсын;


— ушул Жарлыктын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип турсун.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Шамурзаева Нагима
Саламатсызбы Мен этникалык кыргызмын Кыргызстанда 5 жылдан бери жүрөм паспорт ала албай кайсыл жактан алсам болот адресин айтып койунуз
Шамурзаева Нагима
Саламатсызбы мен этникалык кыргыз 5 жылдан бери Кыргызтандамын паспорт ала албай жүрөм адрес кайсыл жакта барып алайын