Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Евгения Строкова Галина Байтерек боюнча Садыр Жапаровго кайрылды

25.03.2021 11:03
731
Евгения Строкова Галина Байтерек боюнча Садыр Жапаровго кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу ал ЖКнын бүгүнкү кезектеги жалпы жыйынында билдирди. 


"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, биз мамлекетти шоопур башкарганын көрдүк. Сиз маалымат катчыңыз сиздин атыңыздан кадр маселесин чечүүгө жол бербешиңиз керек. "Слово Кыргызстана" гезитинин мурдагы редакторун Галина Байтерек кайтарып ордуна алып келди. Керек болсо ага кылмыш иши козголушу керек эле",- деди депутат.


Депутат мындан сырткары, гезиттин кызматкерлери айлык албай эле, Слащева кызы менен миң доллардан айлык алганын жана гезиттин 4 миллон сом карызы бар экенин айтты. 


Эске салсак, "Слово Кыргызстана" гезитинин редактору Тамара Слащева редакторлук кызматтан кетип кайра редактордун милдетин аткаруучу аял сабалгандан кийин ордуна кайтып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн