Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Евразия өнүктүрүү банкы дыйкандардын продукцияларын ЕАЭБге чыгарууда колдоо көрсөтөт

16.07.2021 14:37
1132
Евразия өнүктүрүү банкы дыйкандардын продукцияларын ЕАЭБге чыгарууда колдоо көрсөтөт

15-июлда айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуунун жүрүшүндө, министр бул долбоордун алкагында бенефициарлар үчүн 1000ден ашык айыл чарба техникалары берилгендигин, заманбап айыл чарба техникалары дыйкандардын ишин бир кыйла жеңилдетип, агробизнес субъекттеринин шарттарын жашыртып, дыйкандар үчүн жеңилдетилген шартта лизинг алуу программасын баштоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.


Министр Аскарбек Жаныбеков айыл чарба техникаларын лизингге берүү боюнча биргелешкен долбоорду мындан ары да ишке ашыруу пландары менен бөлүштү.


Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов айыл чарба продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортоо, дыйкан, фермерлерге долбоор аркылуу колдоо көрсөтүү планы бар экенин айтты.


Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн