Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:13
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Евробиримдик жаңы президентти эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырды

12.01.2021 15:08
597
Евробиримдик жаңы президентти эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырды

Европа Биримдиги Кыргызстанда өткөн «тартиптүү жана жакшы уюштурулган президенттик шайлоону» кубаттайт. Бул тууралуу "Centralasia" жазып чыкты.


Ошол эле учурда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын тыянактарына ылайык, талапкерлер үчүн үгүт иштеринде бирдей шарт түзүлбөгөн, административдик ресурс колдонулган учурлар белгиленген.


Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү президенттик шайлоо жана референдум боюнча ушундай билдирүү таратты.


«Шайлоочулардын катышуусу да салыштырмалуу төмөн болду. Кыргыз бийлиги ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарына ылайык улуттук шайлоо мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүшү керек. Евробиримдик келечектеги президентти коомдун бардык тармактары менен кызматташууга жана Кыргыз Республикасынын адам укуктары, негизги эркиндиги боюнча жалпы милдеттенмелерин мындан ары дагы бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырат», деп айтылат билдирүүдө.


Ошондой эле кыргыз эли референдумда президенттик башкаруу формасын тандап алгандыктан, жаңы Конституцияда президенттик система эл аралык милдеттенмелерге ылайык демократиялык принциптерге толугу менен шайкеш келиши керек экендиги, жаңы долбоордун талкуусу ачык жана айкын болушу зарыл болору белгиленген.


Биримдик парламенттик шайлоону тезирээк өткөрүүгө, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен мындар аркы кызматташууга чакырып, инклюзивдүүлүктү жана плюрализмди сыйлоого чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн