Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Европа Биримдиги Камчыбек Ташиевдин айыптоолорун жокко чыгарды

29.12.2020 17:42
3965
Европа Биримдиги Камчыбек Ташиевдин айыптоолорун жокко чыгарды


Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку сотто “Жергиликтүү сот” системасын ишке ашырууда коррупциялык схема аныкталганын айткан. Ташиев бул ишке аталген мекеменин төрайымы Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын жарыялаган.


Бул системаны Европа Биримдиги каржылаганы белгилүү. Бүгүн, 29-декабрда аталган мекеменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев тендерге Жогорку Соттун катыштыгы болбогонун "Азаттыкка" билдирди. Ал тендерди Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) башында турган эл аралык уюмдардын концорсиуму ишке ашырганын айткан. Ошондой эле Эркебаев бул ишти Евробиримдик көзөмөлгө алып жатканын маалымдаган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сабыр Тилегенов
Биздин мамлекеттин ички ишин өзүбүз текшере алабызбы өзү?Бул Азаттык жадатты!!!Кууп салбайлыбы!!!!Уруксатпы?!!!