Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Европа Биримдиги Кыргызстандын афган элине берген жардамын жогору баалады

29.09.2021 18:06
1299
Европа Биримдиги Кыргызстандын афган элине берген жардамын жогору баалады

2021-жылдын 28-сентябрында Брюссель шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушту.


КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектрин талкуулашты. Тараптар ошондой эле регионалдык коопсуздукка, анын ичинде Афганистандагы абалга байланыштуу маселелер тууралуу да маектешти.


Руслан Казакбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, ошондой эле алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого токтолуп, Кыргыз Республикасы демократиялык баалуулуктарды жана Кыргыз Республикасы тарабы болуп саналган эл аралык укуктук документтрде бекитилген курсту, максаттарды жана принциптерди улантууну карманарын белгиледи.


Талкуунун өзгөчө темасы эки тараптуу байланыштарды жогорку деңгээлде бекемдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууга кол коюу болду.


Ж.Боррель тараптар үчүн артыкчылыктуу маселелер боюнча Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын белгиледи. Ал ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги иш-чара катары Бишкекте ЕБ-БA биринчи экономикалык форумун өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Ж.Боррель Кыргызстандын Афганистан элине афган аялдары үчүн билим берүү долбоорлору аркылуу жардам берүү чечимин жогору баалады.


Кыргыз тарап көп жылдык индикативдик программаны жана 2021-2027-жылдардагы регионалдык индикативдик программаны кабыл алуунун жана эки тараптуу жана регионалдык программаларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Борбордук Азия үчүн европалык ЖОЖдорун түзүү долбоору талкууланды.


Сүйлөшүүнүн аягында Р.Казакбаев Европа Биримдигинин Жогорку өкүлү Ж.Боррелди өзүнө ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн