Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Европа Кеңеши Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнү караштырат

02.04.2020 18:23
829
Европа Кеңеши Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнү караштырат

Бүгүн, 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү, -деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕБ өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтып, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүт артаарын билдирди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына залакасын азайтуу боюнча кыргыз тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков европалык тарапка коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. 

Европа Кеңешинин төрагасы кыргыз тарапка бул илдет менен күрөшүүсүнө колдоосун билдирип, ЕК өлкөгө финансылык жардам көрсөтүүнүн оптималдуу жолдорун карап чыгарын белгиледи.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн