Маймыл чечегинен алгачкы өлүм Европада катталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жума күнү, 29-июлда Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулуу маймыл чечегинен каза болгондугун жарыялады.
Бул окуя Европада биринчи жана Африкадан тышкаркы экинчи учур болуп саналат деп болжолдонууда.
Учурда Испания маймыл чечегинин тастыкталган учурларынын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи өлкө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн