Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Европага адамдарды жөнөтүүдө мыйзамсыз миграция менен алектенген жаран кармалды

13.09.2021 15:03
663
Европага адамдарды жөнөтүүдө мыйзамсыз миграция менен алектенген жаран кармалды


Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөргө мыйзамсыз миграциясын уюштурган каналын аныкташты.Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган жеке агенттиги “PEACE” ЖЧКсы белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу боюнча кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген. 


Бул паспортторду колдонгон жарандар (жасалма) Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасына кетирилген. 


Бул факты КЖБРге катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды.


Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.


Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандардан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКга телефон аркылуу кайрылууну суранабыз: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн