Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Феликс Кулов: Конституциялык реформаны 2022-жылга жылдыруу керек

12.01.2021 10:09
677
Феликс Кулов: Конституциялык реформаны 2022-жылга жылдыруу керек


“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса кайра президенттик шайлоо өтүшү керек деп айтып, анысы коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган. Кулов мырза бул айткандарын кайра бышыктап, Фейсбуктагы баракчасына жыңы пост жазып чыкты. Анда ал жаңы кабыл алынган Конституция президентке бир топ кошумча укуктарды бере турганын айткан.


“Менин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президенттик шайлоо кайра өтүшү керек деген пикиримди айрым ММКлар жарыялагандан кийин белгилүү эле юристтин шайлоосуз өтүп кетсе боло турганын айтканы таң калтырды. Негизи жаңы Конституцияда президентте жаңы ыйгарым укуктары кирип жатат. Ал эми азыркы президент эски Баш мыйзамдын негизинде шайланды. Эгер укуктары көбөйсө кантип ал ыйгарым укуктарын сактап калат? Жаңы Конституция боюнча президент мамлекет башчысы эле эмес, аткаруу бийлигин да башкарат, өкмөттү жетектейт. Муну менен биз ага өтө чоң укуктарды берип жатабыз. Ошол үчүн да укуктук жактан жаңы кызмат орду пайда болуп жатат. Андыктан жаңы шайлоо болушу керек”, - дейт ал.


Кулов мындай укуктук кризистен чыгуу үчүн конституциялык реформаны кийинки жылга жылдырууну сунуштады.


Эгер 10-январдагы шайланган жаңы президент жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин да иштеши керек болсо референдумга ошол маселени кошо киргизүү керек болчу. Азыр мамлекетте саясий кризис пайда болгону турат. Мындан чыгуу үчүн конституциялык реформаны 2022-жылга жылдыруу керек. Эл эки-үч жыл күтө албайт. Жаңы Конституция айлык, пенсия, пособияны көбөйтүүгө жардам бере албайт” , - дейт ал.

 

 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Айдарбек Нурбеков
Конституцияны канча озгорттунор, деги бир толк чыктыбы?? Бир гана аялдардын укугу тепселенгенсип жатат, ошону озгортууго комок корсотунуз!!!
Эльвира
Мен Конституцияны өзгөртүүгө жана референдум өткөрүүгө каршымын. Жаңы конституция аялдардын жана балдардын укуктарын бузуп жатат. Буга жол берилбеши керек, аялдар саясатта, коомдук турмушта баардык жерде болуш керек.
Бактыгул
Ушул күнгө,чейин мыйзам,менен иштесеңер,Өлкө мынчалык тунгуюкка кептелбейт эле,Жолдош Кулов мырза!!!Эл колдобойт деп ойлойм сиздин пикирди.!!!