Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Феликс Куловдун кайрылуусу тууралуу

02.05.2021 00:10
971
Феликс Куловдун кайрылуусу тууралуу


Кулов аксакал, кантсе да мамлекеттик башкаруү, коопсуздук, укук коргоо системасы боюнча чоң тажрыйбага ээ адам. Убагында байланыш чөйрөсү Москвага чейин жеткенин, көп адамдар менен алигече жеке мамилесин улантып келаткандыгын эске алганда, азыр да бизге окшогон карапайым жарандарга караганда көбүрөөк, аныгыраак маалыматка ээлик этет. 


Ошондуктан да, анын кайрылуусундагы сунуштары кыйла маанилүү, салмактуү. 


Антсе да, анын бир гана жери эки анжы ойго салат. Ал - жаңжал очогуна ОДКБнын аскер күчтөрүн киргизүү сунушу. ОДКБ деген, бул - Россия. 


Албетте, Ф.Кулов башынан орусчул экендиги коомчулукка жакшы дайын ( Бир кезде Кыргызстанды Россияга кошуу демилгесин да көтөрүп чыккан). Ошондон улам суроо туулат:  Баткенге Россиянын, кечиресиз, ОДКБнын аскерин киргизүү анын менчик оюбу, же кай бир жактан шыбыш болуп жатабы?


Дегинкиси, Тажикстандын куралдуү агрессиясы Кремлдин дүлөй макулдугу менен жасалгандыгы айкын болуп тургансыйт. Биздин тебетейдей тез алмашкан президенттерибиздин баары "Россия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү" деп какшанчу эмес беле... Учурдагы позициясы аркылуу  Кремль билемандары РФ эч качан КРнын стратегиялык өнөктөшү болбогондугун жана болбостугун, тек, бир сателлит эсептээрин дагы бир жолу шардана кылды. Айтса, айтпаса төгүнбү, Кыргызстан канчалык күчтүү көзкаранды болуп бүжүрөп, жүгүнгөн сайын, Россиянын империялык кумары канбайбы?


Мына ушул жагдайды эске алганда, ОДКБнын ортомчулугна, чегара чырында кара кылды как жарган калыстыгына ишенүүгө болобу? Аны менен биз Россиянын мурдагы шарттуу көзөмөлүн биротоло расмийлештирип, бекемдеп бербейбизби?


Иши кылып, айласыз акыбалга кептелгендейбиз... 30 жылдан бери оңдуү мамлекет түзө албаган... бардык күнөө, айып өзүбүздө - кыргыздарда... Мүмкүн, анын ичинен оорурагы Феликс Кулов сыяктууларда...


Демек, өзүбүз чалган чалмакейди өзүбүз гана жайгарышыбыз, өз күчүбүзгө гана ишенишибиз керек! Бирок, кантип?..


Абдувахоб Мониев, журналист 

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн