Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 00:22
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү

29.07.2024 15:07
223
Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү


Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин карашты.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда изилдөө иштери жүргүзүлдү, тагыраагы изилдөө иштери Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарын, ошондой эле Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарын камтыды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кийинки отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн