Феруза Исмайлова. Бул ысымды Кыргызстандын эли билбесе да, Ала-Бука, Чаткал районунун жашоочулары жакшы билишет. Дарыгер-терапевт, кѳп жылдардан бери Ала-Бука районунун Достук айылындагы «Носыралы» менчик медициналык борборун иштетип, аны жетектеп келүүдѳ. Эки райондун элине жалпы медициналык дарылоо кызматтарын кѳрсѳтүп, ден-соолугуна шыпаа издеп кайрылгандардын ыраазычылыгына ээ болуп келет.
Алыскы райондо деле менчик медициналык клиника ачып, элдин саламаттыгы үчүн кызмат кылса болорун далилдеп келаткан маектешибиз менен медициналык борбордун иши, Ала-Бука районундагы социалдык кѳйгѳйлѳр, райондогу ар башка элдердин ымала-катышы ж.б. туурасында кеп курдук.
- Феруза айым, алыскы айыл жеринде медициналык борбор ачып калышыңызга кандай жагдайлар себеп болду?
- Ага райондук ооруканага кайра жумушка албай коюу себеп болгон (күлүп). Ѳзүм дарыгерлердин династиясынын ѳкүлүмүн, жакындарымдын баары дарыгерлер. Династиянын жолун улап, Ѳзекстандын Андижан шаарында дарыгерлик кесипке ээ болгом. Алгач окууну бүтүп келгенден кийин Ала-Бука райондук ооруканасында иштеп калдым. Ал жерде жүргѳндѳ үй-бүлѳ куруп, анан декреттик ѳргүүгѳ чыккам. Кайра келгенден кийин ѳзүмдүн ордума жумушка албай коюшту. Анын ордуна мага Ак-Коргон айылындагы райондук ооруканага караштуу түзүмдүк бѳлүмдѳ иштѳѳнү сунуш кылышты. Мен ойлонуп аткан чакта мени дарыгер катары Ак-Коргон айылына оорулууну кѳрүүгѳ чакырып калды. Ал жактан келатып, кызыкчылык үчүн Ак-Коргондогу ооруканага кирдим. Оорукана мага жагып калды. Андан кийин ошол оорукананын башчысы болуп жумушка орноштум. Жакшы, ийгиликтүү иштедим, жергиликтүү элдин урмат-сыйына ээ болдум, ооруканада кѳптѳгѳн иштерди бүтүрдүм. Эмгек жамааттын психологиялык моралдык жагына кѳңүл бурдум. Марафон уюштуруп, люкс палаталарды ачканбыз, оорукананын кем-карчыларын алганбыз.
Ал жерде иштеп атып да декреттик ѳргүүгѳ чыктым. Ошондо оорулуулар кѳрүнгѳнү үйүмѳ келе башташты. Атайын келишсе, жок деп кароодон баш тарта албайм. Аларды кѳрүүгѳ, консультация берүүгѳ туура келет. Мындай абалда үйдѳ оорулууларды кабыл алууга шарттарды түзүү зарылчылыгы жаралды. Үйүбүздүн жаныбызда чоң дарыканабыз бар болчу. Кезинде атам ири дарыканачы провизор болуп кѳп жыл иштеп, эс алууга чыккан. Анан ошол дарыкананын бир бѳлмѳсүн ылайыктап жасап чыктым да, оорулууларды кабыл алып кѳрѳ баштадым. Ал бир бѳлмѳ жүрүп олтуруп 5 бѳлмѳгѳ айланып, медициналык борборду түздүк. Акырындап медициналык борборду кеңейттик, курулуш иштерин жүргүзүп, шарттарды түздүк, УЗИ, ЭКГ ж.б. медициналык аппараттарды сатып алдык. Бул арада Бишкекке келип, кардиология, УЗИ ж.б. профилдер боюнча квалификациямды жогорулаттым. Учурда медициналык борбордо 7 адам иштеп, оорулууларды кабыл алып, дарылап, сапаттуу жардамыбызды кѳрсѳтүп келатабыз.
- Сиздердин медициналык борборго негизинен кимдер кайрылат?
- Биздин медициналык борбор 2017-жылга чейин амбулатордук болчу, оорулууларга алгачкы диагноздорду коюп, бирок дарылачу эмеспиз. Үч жылдан бери стационар катары оорулууларды дарылайбыз. Бизге негизинен жеңил оорулуулар келип дарыланышат. Абалы оорлор, хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган бейтаптар райондук мамлекеттик ооруканага кайрылышат.
Кээ бирлер менчик медициналык борбор болсо эле баалары кымбат деп ойлошу мүмкүн. Жок, андай эмес, мага биринчи кезекте бейтаптардын акчасы эмес, алардын бизден шыпаа таап кетиши, алардын мага, бизге болгон ишеними маанилүү. Мен ар бир дарыланып жаткан адамдын айыгып кетиши үчүн колдон келгенди жасайм. Ишеним – бул оорудан айыгуунун жарымы дейт эмеспи. Ошол себептен оорулууга сылык, кичипейилдик менен мамиле кылып, анын сага болгон ишенимин пайда кылышың керек. Жакшы сѳз жан эргитет деп бекер айтылбайт да. Бейтаптарга жакшы сѳз гана керек. Биздин борбордо ушул нерсеге чоң маани беребиз. Менчик медициналык мекеме ошонусу менен артыкчылыктуу болушу керек деп эсептейм. Менин дарыгер катары принцибим да ошондой. Мен ушул кезге чейин мага кайрылган бир да бейтапты кабыл албай койгон эмесмин. Кайсыл убакта болбосун карап, кеп-кеңешимди айтып, оорусун аз да болсо жеңилдеткенге аракет кылам. Оорулуу жакшы болуп, мага рахматын айтса, мен ошондон ырахат алам, ѳзүмѳ ыраазы болом, жандүйнѳмдѳ байый түшѳм.
- Кандай ооруларды дарылайсыздар?
- Жүрѳк, кан басымы, ѳт, боор, бѳйрѳк ооруларын ж.б. ички органдардын дартына чалдыккандарды дарылап, жардамыбызды беребиз. Медициналык тил менен айтканда, терапиялык ооруларга диагноз коюп, аларды стационардык шартта дарылайбыз.
- Салттык медициналык кызматтарды кѳрсѳтѳсүздѳрбү? Же ѳзүңүздѳрдүн дарылоодогу ѳзгѳчѳлүгүңүздѳр барбы?
- Медициналык борбор болгондон кийин бизге кайрылгандар ооруларына шыпаа таап кетиши керек. Ошол үчүн ѳзгѳчѳлүгүбүз бар. Салттык дарылоо ыкмаларынан сырткары, банка, сүлүк коебуз, массаж жолдору менен дарылайбыз, ѳзүбүз чѳптѳн дарыларды жасап, алар менен дарылоо процедураларын жүргүзѳбүз. Чѳптѳрдѳн суюк дарыларды (настой) даярдап, оорулууларга ичиребиз. Муну медицинада фитотерапия дейт.
- Чѳптѳр менен дарылоо жѳнүндѳ айтсаңыз. Дары чѳптѳрдү каяктан аласыздар?
- Мен дары чѳптѳр боюнча адисмин десем болот. Себеби, биздин атабыз фармацевт болгондуктан, биз атама кошулуп алып тоолордон, жайлоолордон дары чѳптѳрдү жыйначубуз. Ромашка ж.б. дары ѳсүмдүктѳрүн ѳстүрчү чоң плантациябыз бар болчу. Ал жерде да дары ѳсүмдүктѳрүн жыйнайт элек. Атам бизге чѳптѳрдѳн дары жасоонун сырларын үйрѳткѳн. Бизде дары чѳптѳрдүн ѳтѳ чоң ассортименти бар. Айтып кетсем, шиповник, боярышник, ромашка, коленула, кукурузный рыльца, бессмертник, чебурец, дышиться ж.б. Биз бул дары чѳптѳргѳ, тамырларга буюртма беребиз, тоолордон бизге терип келип беришет, медициналык борбордо ал чѳптѳрдѳн дарыларды жасайбыз. Дары чѳптѳр менен дарылоону туура жүргүзгѳндүктѳн, оорусуна шыпаа таап, бизге ыраазы болуп кеткендер кѳп.
- Медициналык борборду иштетип аткандан бери жетишкендиктер менен бирге кѳйгѳйлѳр да болуп жатса керек.
- Ооба, бизде таза суу маселеси чоң кѳйгѳй. Борборго чоң идиштерди коюп, таза суу чыгарганбыз. Бирок биздин айылда таза суу долбоору ишке ашырылбай келүүдѳ. Бизге түз агып кирген таза суунун жоктугунан кээ бир процедураларды жасай албайбыз. Таза суу киргизилбегендиктен, лаборатория ача албай келебиз. Таза суу долбоору ишке ашырылса, биздин борбор бардык процедураларды жүргүзѳ баштайт элек.
- Дарыгер катары айтсаңыз, Ала-Бука районундагы элди медициналык тейлѳѳнүн абалы кандай? Эмне кѳйгѳйлѳр бар?
- Жаман дегенге болбойт, жакшы эле. Медициналык кызмат кѳрсѳтүү элге жеткиликтүү. Райондук оорукана бардык керектүү медициналык жабдуу, аппараттар менен камсыз кылынган. Бирок бир кѳйгѳй бар – ал кадрлардын жетишсиздиги, жоктугу. Райондук ооруканага барып иштегиси келген жаш дарыгерлер дээрлик жокко эсе. Барып иштеп аткандары кайра кетип калышат, аларды кетирбей алып калуу кыйынга турууда. Ушул маселени оң жагына чечүү зарылдыгы курч турууда. Балким маяналарын дагы кѳбѳйтүү керектир, же жаш кадрлар үчүн кандайдыр айыл жерлеринде иштѳѳгѳ мотивация берүүчү чараларды кѳрүп, жаштарда мекенчилдик сезимдерди калыптандыруу керекпи деп ойлойм.
- Жумушуңузга байланыштуу эл менен кѳп сүйлѳшѳсүз. Айтсаңыз, райондогу улуттар аралык мамиленин абалы кандай?
- Азыр жакшы болуп калды. Кыргыз, ѳзбек, тажиктер ортосунда эч кандай талаш тартыштуу, келишпестик маселелер жок. Бир ѳлкѳнүн жарандары катары бир туугандыкта, ынтымак, ырашкерликте жашап келатабыз. Бири бирибизге кыз берип, кыз алып дегендей, улуттар ортосундагы кудачылык карым катыштык абал да жогорку деңгээлде.
- Сиз Өзбекстан менен чектешкен айылда жашайт экенсиз. Өзбекстанга кирип-чыгуунун, эки элдин ортосундагы соода, экономикалык жана маданий ж.б. байланыштардын абалдары кандай болууда?
- Чек ара ачылгандан бери экономикалык байланыш күчѳдү. Бул жаатта эч кандай кѳйгѳй жок. Биз малга бай болсок, Ѳзбекстан мѳмѳ жемишке бай. Аларда базар болгондо кыргыз соодагерлери Ѳзбекстанга мал алып кирип сатышса, ѳзбек соодагерлери бизге арзан баада, сапаттуу мѳмѳ жемиштерди алып келишет. Ѳзбекстан тараптан бизге тамак-аш азыктарынын кирүүсү атаандаштыкты жаратып, натыйжада алардын баалары тѳмѳндѳп, эл үчүн жакшы болууда. Экономикалык жактан алып караганда, Ала-Буканын эли мындан утушка гана ээ болуп келатабыз.
Мындан сырткары, Ѳзбекстанга кыз берип, кыз алгандарга да жакшы болду. Мурда келиндер тѳркүндѳрүн 10 жылдап кѳрбѳй, туугандарын сагынып, кусага батып кыйналышкан болсо, азыр чек арадан оңой эле ѳтүп, ата-энесинен, туугандарынан кабар алып тура алышат.
- Сиз пандемия курчуган маалда Ала-Букада атайын цехти уюштуруп, беткаптарды тиктиргениңизди уктук. Ушул жѳнүндѳ айтсаңыз.
- Ооба, тигүү цехтерин уюштуруп, беткап тигүүнү колго алган элем. Ошондо ЖК депутаты Исхак Пирматов беткаптарды тигип берүүнү айтып калды. Ал кишинин айтуусу менен 3 күндүн ичинде 15 миңден ашык беткап, колкаптарды тигип, антисептиктер менен кошо Ала-Бука, Чаткалдын элине бекер таркатып бердик.
Эми тигүү цехтерди биротоло колго алып, Ала-Бука, Чаткал менен чектелбей, сапаттуу кийимдерди тигип, аларды Россия, Казакстандын рыногуна чыгарсам деген тилегим, максатым бар.
- Үй-бүлѳңүз тууралуу да билгибиз келет.
- Үй-бүлѳм жѳнүндѳ айтсам, 3 балам бар. Улуусу быйыл Уралдагы медициналык институттун студенти болду, экинчи 7-класста, кенжеси 3-класста окуйт. Жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет, ага чейин райондук администрацияда экономист болуп иштеген.
Булак: "Леди KG" гезити
Пикирлер (3)