Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Фейерверк ташыган жүк ташуучу унаанын жарылуусунан бир адам каза болду

Фейерверк ташыган жүк ташуучу унаанын жарылуусунан бир адам каза болду


Орто Токойдун жанындагы Куакы ашуусунда пиротехникалык каражаттар жүктөлгөн жүк ташуучу унаа жарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, Howo унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, кырсыкка учураган. Жүк ташуучу унаа өрттөнүп, анын кесепетинен ал алып бара жаткан фейерверктер жарылып кеткен.


Өрттүн кесепетинен унаада болгон бир адам каза болгон. Анын өздүгү такталууда.


Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бригада тартылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн