Бугу 08, 2024
Убакыт: 00:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Фейктер тууралуу мыйзам өтпөй калгандан кийин Гүлшат Асылбаева эки палаталуу парламент түзүүнү сунуштады

12.07.2021 13:25
960
Фейктер тууралуу мыйзам өтпөй калгандан кийин Гүлшат Асылбаева эки палаталуу парламент түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева эки палаталуу парламентти түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн жаңы шайлоо мыйзамдарынын долбоору талкууланып жаткан тегерек столдо билдиргенин 24.кг агенттиги жазды.


Анын айтымында, аралаш системаны киргизүү менен гендердик квота түзүлөт, жаштар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Гүлшат Асылбаева белгилегендей, аралаш шайлоо системасы сунушталгандыктан, эки палаталуу парламентти да түзүү  керек. Мыйзам чыгаруу палатасында  партиялык тизме менен өткөн депутаттар, эл өкүлдөрү палатасында бир мандаттуу депутаттар болуш керек деп эсептейт.


Эске салсак, буга чейин Асылбаева "Жалган жана такталбаган маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун эки жолу сунуштап, эки жолу парламенттен колдоо тапкан эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн