Бүгүн, 12-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Россиянын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилованын катышуусу менен өттү.
Маданият күндөрүнө Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук маданий ишмерлер, Кыргызстандагы орус диаспорасы, шаар тургундары жана меймандар күбө болушту.
Концертте орус элинин бай маданиятын таанытууга багытталган Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашева катышкан фольклордук топтордун аткаруусундагы "Фольклор - Россиянын жаны" аталышындагы концерт тартууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн