Бугу 11, 2024
Убакыт: 03:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Филиппинде куюндун кесепетинен 300 миңден ашык киши көчүрүлдү

15.05.2020 13:49
823
Филиппинде куюндун кесепетинен 300 миңден ашык киши көчүрүлдү


Филиппин бийлиги өлкөдө болуп жаткан катуу куюндун кесепетинен улам 300 миңден ашык кишини жашаган жерлеринен башка аймакка көчүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, “Амбо” куюну 14-май күнү Самар аралында жүрүп, аны менен бирге катуу жаан жаап, ылдамдыгы секундасына 40-50 метрге жеткен шамал жүргөн. Кийин куюн Түндүк Самар аралына чейин жетип, жума күнгө караган түнү Бикол аймагына да барган.


Кырсыктын кесепетинен жалпы 61 106 үй-бүлөнүн 300 миңден ашык жашоочусу көчүрүлгөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн