Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Филиппинде учак кырсыгынан каза болгондордун саны 50гө жетти

05.07.2021 09:14
1161
Филиппинде учак кырсыгынан каза болгондордун саны 50гө жетти


Акыркы маалыматтар боюнча Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйраганда каза тапкан адамдардын саны 50гө жетти. Расмий бийлик алардын үчөө учак кулаган жерде жүргөн жай тургундар экенин ырастады.

Маалыматка ылайык, бортунда 96 жоокерди салып бара жаткан "Локхид C-130 Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралында кыйрап түшкөн. Учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаганы кабарланууда. Кырсыктан жалпы 50 адам каза болсо, 49 аскер кызматкери жабыркаган, 32 аскер кызматкери жана 4 ошол жердеги тургун ооруканага жаткырылган.

Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан. Борттогу жоокерлердин көбү жакында эле аскердик машыгуусун аяктап, Филиппиндин түштүк райондорундагы исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлгөн. Аймактагы армиянын өкүлү, генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты.

Кырсыктан аман-эсен куткарылган ондогон аскер ооруканага жаткырылды. “Би-Би-Си” кабарлагандай, борттогу айрым жоокерлер учак жерге жакын калганда секирип кетүүгө аракет кылышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн