Катуу шамал жана жамгыр коштогон аба-ырайы Филиппинде 58 адамдын өмүрүн жалмады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдан жер көчкү жүрүп, аймактарды суу каптаган. Бери дегенде 580 миң адам зыян тарткан.
Көчөлөр жана үйлөрдү суу каптап калган. Ошондой эле 27 адам дайынсыз болуп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн