Филиппиндин Кесон провинциядагы Риал портуна жакын жерде жүргүнчү ташыган кемеден өрт чыкты. Бул тууралуу "Известия" каналы билдирди.
Маалым болгондой, өрт чыккан учурда кемеде 124 адам болгон. Алар кырсык башталганда коркконунан сууга секире баштаган.
Куткаруучулар 7 адамдын жансыз денесин тапкан. 105 адам куткарылып, 6 адам ооруканага жеткирилген. Калган адамдарды издөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн