Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Филиппиндеги жер титирөөдөн 314 миңден ашуун киши жабыркап, 10 жаран каза болду

31.07.2022 12:46
614
Филиппиндеги жер титирөөдөн 314 миңден ашуун киши жабыркап, 10 жаран каза болду


Филиппиндин Кырсык коркунучун азайтуу кеңешинин (NDRRMC) жекшемби күнү жарыяланган жаңы отчетуна ылайык, Филиппинде шаршемби күнү болгон жер титирөөдөн 314 миңден ашуун киши жабыркап, каза болгондордун саны 10го жетти.


Агенттиктин маалыматына караганда, жер титирөөдөн жалпысынан 314 миң 161 адам жабыркаган. Каза болгондордун саны 10го жетип, жаракат алгандар 375ке жетти.


Ишемби күнү NDRRMC жер титирөөдөн 228 238 адам жабыркаганын билдирди. Ошондой эле алты адам каза болуп, 320 адам жарадар болгонун жана төртөө дайынсыз жоголгону кабарланды.


Министрликтин билдирүүсүндө, 27-июлда катталган күчү 7 баллга жеткен жер титирөө Филиппиндин Лусон аралынын түндүк-батышындагы провинцияларга, ошондой эле ага чектеш аймактарга, анын ичинде Манила агломерациясына да таасирин тийгизген. Очок 17 километр тереңдикте жаткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн