Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Финансы министрлиги Тенгиз Бөлтүрүктүн 100 миң доллар айлыгына комментарий берди

10.08.2023 12:47
406
Финансы министрлиги Тенгиз Бөлтүрүктүн 100 миң доллар айлыгына комментарий берди


Кыргызстандын Финансы министрлиги «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын президентинин айлыгы тууралуу кеңири айтып берди.


Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы менеджери катары Тенгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинде айына 45 миң доллар маяна алып турганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул Финансы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлык. Кошумчалай кетсек, Кумтөрдө анын айлыгы 55 миң долларды түзгөн. Ошентип Тенгиз Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алган.


Финансы министрлиги министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 297 токтому менен тоо-кен тармагын реформалоо үчүн “Улуу көчмөндөр” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Мурас” Улуттук холдинг компаниясы түзүлгөнүн билдирген. Компаниянын президенти кызматына Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.


Компаниянын уставдык капиталын түзүүгө республикалык бюджеттен 3,4 миллиард сом бөлүнгөн.


«Финансы министрлиги учурда Тенгиз Бөлтүрүк мырзанын эмгек акысын төлөөгө республикалык бюджеттен жана «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААКнын бюджетинен чыгашалар болбогондугун баса белгилейт. Бул бухгалтердик отчеттордо көрсөтүлгөн", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.


Эми министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы токтомуна ылайык, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингин жоюу процедурасы жүргүзүлүүдө.


«Финансы министрлиги каржы маселелеринде ачыктык, айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин дайыма карманат», - деп жыйынтыктады министрлик.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн