Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Финпол: Кыргызстандан Кытайга мыйзамсыз 1 миллиард сомдон ашык акча чыгарылып кеткен

Финпол: Кыргызстандан Кытайга мыйзамсыз 1 миллиард сомдон ашык акча чыгарылып кеткен


Каржы полициясынын Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондору боюнча кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого катышкан адамдардын тобун аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, акча каражарыт Кыргызстандан Кытайдын аймагына товарлар үчүн акы деген шылтоо менен чыгарылып кеткен.

Тергөө Кыргызстандын аймагында кылмыштуу топтун иш-аракетинин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 100 миллион сом зыян келтирилгенин аныктады.

29-октябрда кылмышка шектүү деп Кытайга акча каражаттарын алып кетүүнү жүзөгө ашырган Кыргызстандын жараны А.У., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

30-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кармалган жаранды убактылуу кармоочу жайга камады. Ал Бишкек СИЗО-1де камакта болот.

Финполициясынын маалыматы боюнча, мыйзамсыз схемага тиешеси бар чиновниктерди жана башка жарандарды аныктоо иштери уланууда. Ошондой эле аталган каражаттын келип чыгышы такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн