Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыш иши боюнча чечимди оң жагына чечип берүү үчүн жеке компаниялардын өкүлдөрүнөн ири суммадагы акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын маалыматына караганда, 2-октябрда Бишкекте тергөө оперативдүү иштеринин жүрүшүндө 1500 доллар пара алып жаткан учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ага кызматкери, капитан «М.К.К.» кармалды. Ал системалык түрдө ЖЧКлардын биринин өкүлүнөн акча талап кылып келген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Пикирлер (1)