Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 05:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таиров эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таиров эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

УКМКнын коррупцияга күрөшүү кызматы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы өзгөчө ири суммада мыйзамсыз акча алган деген жүйөө менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун алдында, 2020-жылдын октябрь айында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы "Т.Б.Б." саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жетекчилеринин бирин ага ири суммадагы акча которууга мажбур кылган.


2020-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде "Т.Б.Б." кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Азыркы учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн