Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду

05.10.2021 18:19
1049
Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду


2021-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгы үч окумуштууга - америкалык Сукуро Манабеге, немис Клаус Хассельманга жана италиялык Джорджио Паризиге ыйгарылды.


Швед Падышалык Академиясынын Нобель комитети окумуштуулардын татаал системаларды изилдөөгө кошкон салымдарын тааныды.


Сыйлыктын биринчи бөлүгү "Жердин климатын физикалык моделдөө, вариациялардын сандык анализи жана глобалдык жылуулуктун ишенимдүү прогнозу үчүн" Манаба менен Хасселманга берилди.


Экинчиси - Паризи "физикалык системаларда баш аламандыктын жана термелүүлөрдүн атомдон планетага чейинки таразада кандайча өз ара аракеттенишерин ачканы үчүн".


Эске салсак, Нобель жумалыгы кечээ, 4-октябрда башталды. Салт боюнча биринчи болуп физиология жана медицина жаатындагы лауреаттардын ысымдары жарыяланды. Алар Дэвид Джулиус жана Ардем Патапутян, алар тирүү организмдердин температураны кандай сезерин изилдешкен.


Белгилей кетсек, сыйлыктар көрүнүктүү илимий изилдөөлөр, революциялык ойлоп табуулар, маданиятка же коомдун өнүгүшүнө кошкон чоң салымдары үчүн берилет. Алар алтоо гана: медицина менен физикадан тышкары - химияда (6-октябрда жарыяланат), адабиятта (7-октябрда), экономикада (11-октябрда) жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу жаатында (8-октябрда).


Бул жылы сыйлык болжол менен 1,2 миллион долларды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн