Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын тапшырды

06.04.2023 14:15
499
Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын тапшырды



Бүгүн, 2023-жылдын 6-апрелинде Франция Өкмөтү Pfizer компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасынын 20 160 доза вакцинасын өткөрүп берди.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул эмдөөдөн өткөн калк үчүн бустердик дозаларды берүүгө багытталган COVAX глобалдык демилгесинин бир бөлүгү.


Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс катышты.


Вакцинаны өткөрүп берүү аземинде Гүлбара Ишенапысова иммунизациялоого жана Кыргызстандын элинин ден соолугун жакшыртууга жардам берип жатканы үчүн Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19га каршы күрөшүүдө колдон келишинче жардам көрсөтүп жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн