Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Фрунзе заводунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

20.09.2021 16:43
863
Фрунзе заводунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

М.Фрунзе атындагы заводдун аймагына коюлган бомба тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн.  Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Милициянын маалыматы боюнча, билдирүү саат 14:50 чамасында келген.


Ошол замат тергөө-ыкчам тобу, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы чакыруу болгон жерге жөнөп кетишти.


Жарандардын коопсуздугун жана эвакуациясын камсыздоо максатында заводдун аймагы милициялар менен курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен.

Тиешелүү издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. 

Так маалымат кийинчерээк берилери белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн